«Татымал» соода маркасынан - жыпар жыттуу ашкѳктѳр жана татымалдар. Жашоо биз менен даамдуу!

Жемиш балмуздагы

Жемиш балмуздагы

Жалпы маалымат

Жалпы даярдоо убактысы

20 минут

Бышыруу убактысы

10 минут

Татаалдыгы

Женил

Порциянын саны

3-4

Бүгүн сиздер менен, жемиштер менен даярдалган балмуздактын рецебин даярдоону сунуш кылабыз. Жөнөкөй жана бат даярдалуучу даамдуу жемиш балмуздагынын даярдалышы төмөндөгүчө:

Ингредиенттер:

Банан 2 даана
Киви 2 даана
Кара шоколад 1 даана
Кокос кырындысы 20 г
Ванилин 0,5 г 
мак 20 г


Даярдалуу ыкмасы:

1) Банан менен кивини аарчып, төрт бурчтук формасында майда кылып кесип даярдап алабыз.

2) Андан соң, даярдалган идишке бананды салып, үстүнө балмуздактан эки аш кашык салабыз.

3) Дамдуу болуу үчүн, мактан себелеп, кивини салабыз.

 

4) Андан кийин, кайрадан балмуздактан салып, аягында банандын кесиндисинен үстүнө салып, мак менен кокостун кырындысынан азыраак себелеп коёбуз да, үстүнө даярдалган шоколад эритмесинен куюп коёбуз. Десерт даяр болду. Тамагыңыздар даамдуу болсун!

 

 

Тамагыңыздар даамдуу болсун!

Окшош рецептер